• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстандын муфтияты абитуриенттер үчүн дубаларды чыгарды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24-июль /Кабар/. Өзбекстандын мусулмандар дин башкармалыгы расмий сайтына Жогорку окуу жайларга тапшыруу сынактарынан өтүп жаткан абитуриенттер үчүн үч дуба жарыялады.

Окууга тапшырып жаткандардын байланышуу жөндөмдүктөрү менен ийгиликке жетишүүсүнө арналган бул дубалар "ишенимди бекемдетип, болочок студенттер менен алардын жакындарына тынчтык тартуулайт", деп билдиришти башкармалыктын басма сөз кызматынан.

Биринчи дуба кабыл алуу сынактарынын ийгиликтүү өтүшүн сурайт: "Кудай, машакат тарттырбай жеңилдет. Бул иштин жакшы аякташына жардам бер".

Экинчиси абитуриенттин баарлашуу жөндөмүн жакшыртууга арналган:

"Кудай! (Сенин жаңылыктарыңды кабыл алуу үчүн) жүрөгүмдү ач. Ишимди жеңилдетип, тилимдеги түйүндү чеч. Алар менин айткандарымды түшүнгүдөй кыл".

Үчүнчүсү абитурент сынактарда жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшү үчүн анын билимин көтөрүүнү сурайт.

Мусулмандар дин башкармалыгынан абитуриенттерге дубага эле ишенип отура бербей сынактарга тыкыр даярданып, материалдарды толук окуп чыгуу керектигин эскертишти.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий