• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Отабек Муродовго кылмыш иши козголду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Сенаттын жалпы жыйынында мурдагы башкы прокурор Отабек Муродовго карата кылмыш иши козголгонун билдирди.

Шавкат Мирзиёев мурдагы башкы прокурорду паракорчулукка айыптады. Бир күн мурун президенттин маалымат кызматы Отабек Муродов 20-июнда кызматынан бошотулганын кабарлаган. Анын ордуна Сенаттын төрагасы Нигматилла Юлдашев дайындалган.

Өзбек президенти иш ыргагы ушул калыпта уланса, прокуратуранын ыйгарым укуктарын кыскартарын эскертти. Мирзиёев бул тармакты реформалоо үчүн жаңы жетекчиге алты ай мөөнөт бергенин айтты.

Өзбекстанда акыркы төрт жылда төрт башкы прокурор алмашты. Баары тең кийинчерээк кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Пикир

Оставить комментарий