• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстандын Мыйзам чыгаруу палатасы ЕАЭБге байкоочу катары кошулууну колдоду

ЕАЭБ 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасы өкмөттүн 28-апрелде Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) байкоочу мамлекет катары мүчө болуу сунушун колдоду.

Расмий маалыматка караганда, парламенттин төмөнкү палатасынын жалпы жыйынында 86 депутат “макул”, 32 депутат “каршы” деген добушун берди,14 депутат эки анжы бойдон калды.

ЕАЭБ менен кызматташуу маселеси эми Сенатта каралат.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев ушул жылдын башында парламенттеги кайрылуусунда өкмөт ЕАЭБ менен кызматташуунун жолдорун иликтеп, караштырып жатканын билдирген. Анда аталган өлкө өндүргөн өнүмдүн 80% ушул уюмдагы мамлекеттерге жөнөтүлөрүн белгилеген.

Кыргызстан уюмга 2015-жылдын 12-августунда мүчө болгон. ЕАЭБде Кыргызстандан сырткары Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения бар.

Пикир

Оставить комментарий