• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек жана Наманган шаарлары жашылдандыруу тармагында кызматташат

Коом 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Өзбекстандын Наманган шаарында өткөн 61-эл аралык гүл фестивалына катышты.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, сапардын жыйынтыгында Бишкекке 500 миң гүл тартуулоо келишими түзүлдү. Гүлдөрдү борборго отургузуу үчүн 100 багбан келет.

Ошондой эле Бишкек шаары менен Наманган шаарынын ортосунда көрктөндүрүү жана жашылдандыруу тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Документтин алкагында тараптар көрктөндүрүү жана жашылдандыруу тармагында үзгүлтүксүз маалымат жана тажрыйба алмашууга көмөктөшүп, өз ара кызматташат.

Маалымдама: Фестиваль Наманганда 1961-жылдан бери өткөрүлүп келет жана Өзбекстандын гүл маданиятынын байлыгын чагылдырат. Меймандарга гүлдүн 60 миңден ашык түрү көрсөтүлдү. Фестивалга карата жалпысынан 300 түрдөгү 16 млн гүл отургузулду. Ошондой эле меймандар ар кандай гүлдөр менен кооздолгон автоунаалардын парадына күбө болушту.

Пикир

Оставить комментарий