• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстандын паралимпиадалык курамасынын эки мүчөсүнөн коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.08.21./Кабар/. Токиодо Паралимпиада оюндарынын ачылуу аземине бир нече саат калганда Өзбекстандын курама командасында өлкө желегин көтөрүп чыга турган спортчу алмашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Туризм жана спорт министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, буга өзбек делегациясынын курамындагы эки адамдан коронавирус инфекциясы аныкталганы себеп болгон.

Алгач XVI Паралимпиадалык оюндардын ачылуу аземинде Өзбекстандын желегин спортчулар Мухаммад Риксимов менен Нурхон Курбанова көтөрүп чыга турганы кабарланган. Бирок паралимпиадалык курамадагы бир дзюдочу менен машыктыруучудан коронавирус аныкталган. Экөө тең карантинге алынып, алар менен учакта чогу отурган Нурхон Курбанова оюндардын ачылуу аземине катыша албай калды.

Пикир

Оставить комментарий