• 84.8
  • 101.57
  • 1.12

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов жумуш сапары менен Кыргыз Республикасына келди, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Манас» эл аралык аэропортунда Өзбекстан Республикасынын премьер-министрин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.

Жумуш сапардын алкагында Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.

Мындан тышкары Өзбекстан Республикасынын премьер-министрин Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алмакчы.

Пикир

Оставить комментарий