• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга жумушчу сапары менен Өзбекстандын премьери Абдулла Арипов келди

Саясат 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматк аылайык, «Ош» эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Бүгүн эки өлкөнүн өкмөт башчылары эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, ошондой эле КР президентинин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынына катышат.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов Баткен облусунун Лейлек районунун Маргум айылындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин ачылыш салтанатына видеоконференцбайланыш режиминде катышат.

Пикир

Оставить комментарий