• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстандын премьер-министри Кыргызстанга келет

Саясат 0

Ташкент, 17.12.18. / Кабар/. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 18-декабрда Кыргызстанга келет. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

“Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында 2018-жылдын 18-декабрында Ош шаарында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арага жакын облустарынын башчыларынын жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Кеңешинин экинчи отуруму өтөт”, - деп айтылат маалыматта.

Эки өлкөнүн чек аралаш облустарынын башчыларынын Кеңешинин биринчи отуруму ушул жылдын март айынын аягында Ферганада өткөн.

Пикир

Оставить комментарий