• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстандын премьер-министри латын арибине өтүү ишин тездетүүнү тапшырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бардык министрликтерге, мекемелерге, уюмдарга, ошондой эле Каракалпакстандын Министрлер кеңеши менен облустук акимчиликтерге латын арибинин негизинде түзүлгөн өзбек алфавитин киргизүү иштерин тездетүүнү тапшырды.

Быйыл 10-февралда Өзбекстандын министрлер кабинети акырындык менен латын арибине өтүүнүн “жол картасын” бекиткен. Ага ылайык, бардык жер-суулардын, көчөлөрдүн, мекеме-уюмдардын аталыштары, терминдер, жарыялар, жарнамалар жана иш кагаздары 2022-жылдын декабрына чейин латын арибине өткөрүлүшү керек болгон.

Эми премьер-министрдин жаңы чечими менен аткаминерлерге бул маселени “Эгемендиктин 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүнүн алкагында” 1-августка чейин аткаруу милдети жүктөлдү.

Пикир

Оставить комментарий