• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзбекстандын премьери Абдулла Арипов Бишкекке иш сапары менен келди

Өкмөт 0

Бишкек, 26.09.22. /Кабар/. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку даражалуу мейманды «Манас» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын премьер-министри Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча биргелешкен жыйынына катышат жана Кыргызстандын президенти менен жолугушат.

Пикир

Оставить комментарий