• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстандын Президенти 2 күндүк иш сапары менен Москвага барат

Дүйнө 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Владимир Путиндин чакыруусу боюнча 4-5-апрелде Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик иш сапары менен Россияга барат. Бул тууралуу маалымат Кремлдин басма сөз кызматы Россия Федерациясынын Президентинин сайты аркылуу таратты.

Сайтта айтылгандай, 5-апрелде жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин маанилүү маселелери талкууланып, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий жаатта өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар белгиленери күтүлүүдө. Мындан тышкары, бир катар эл аралык жана аймактык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

Иш сапардын жыйынтыгында өкмөттөр аралык, ведомстволор аралык жана коммерциялык документтерге кол коюу пландалууда.

Эскерте кетсек, 2016-жылы 14-декабрда Өзбекстандын Президенти кызматына шайлангандан кийин Шавкат Мирзиёев Түркмөнстанга, андан кийин Казакстанга иш сапары менен барган. 6-мартта Ашхабадда өзбек президенти Түркмөнстандын Президенти Г.Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлган. Казакстандын борбору Астанага Ш.Мирзиеев 16-17-мартта барган, ал жакта дагы эки тараптуу жолугушуулардан кийин эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлган. Аны менен катар Өзбекстан менен Казакстандын лидерлери эки тараптуу соода мамилелердин көлөмүн 5 млрд долларга чейин жеткирүү милдетин коюшкан.

Азыркы Москвага иш сапары эксперттердин пикири боюнча, белги болуп саналат жана орто мөөнөттөгү келечекке өзбек-россия эки тараптуу мамилелеринин негизин аныктоосу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий