• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстандын президенти Борбордук Азиянын бирдиктүү туристтик брендин түзүүнү сунуштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 29.11.19. /Кабар/. Борбордук Азиянын бирдиктүү, таанымал туристтик брендин түзүү керек. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусунда билдирди.

Мирзиёев билдиргендей, кызматташтыктын бир кыйла келечектүү багыттарынын катарында - аймактагы өлкөлөрдүн ири туристтик мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу турат. Ал бул максатта Ташкентте Борбор Азия өлкөлөрүнүн Инвестициялык форумун уюштурууну, Соода-өнөр жай палата жетекчилеринин жыл сайынкы жолугушуусун өткөрүп турууну сунуштады. "Бир тур - бүткүл аймак" туристтик турун ишке киргизүү керек.

Андан тышкары, Өзбекстандын лидери кийинки маанилүү багыт катары транспорттук өз ара байланышты, аймактардын транзиттик потенциалын жогорулатууну атады.

Белгилей кетсек, учурда Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусу өтүп жатат. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон, Түркмөнстан башчысы Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти и Шавкат Мирзиёев жана Казакстан Республикасынын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев катышууда.

Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биринчи консультативдик жолугушуусу 2018-жылдын 15-мартында Казакстанда болуп өткөн.

Пикир

Оставить комментарий