• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстандын президенти эки жактуу мамилелердин тарыхын жакшыртты – КР премьер-министри

Саясат 0

Бишкек, 06.09.17. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев эки жактуу мамилелердин тарыхын өзгөрттү. Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Өзбекстандын башчысы менен жолугушууда билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мирзиеев Сапар Исаковду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады.

“Мен 14 жыл премьер болгом жана бул оор милдет экенин билем. Премьерден көп нерсе көз каранды. Президенттер саясий чечимдерди кабыл алышат, ал эми премьерлер аткарышат. Сиз таланттуусуз, сиздин талантыңыз бат кабыл алып жана анализ жүргүзгөнүңүздө”, - деди Өзбекстандын президенти.

Мындан тышкары, Мирзиеев президенттик шайлоодон кийин бул жолугушууларда кабыл алынган чечимдер улантыларына ишеним билдирди.

Өз кезегинде Исаков Мирзиеев эки жактуу мамилелердин тарыхын өзгөрткөнүн белгиледи.

“Кечээ биздин президент тиешелүү тапшырмаларды берди. Аны өзбек кесиптешим экөөбүз сөзсүз ишке ашырабыз”,- деп кошумчалады Исаков.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн чектеш райондорунун акимдеринин кеңештерин түзүү тууралуу Меморандумга кол коюлду. Документке Кыргызстандын вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов жана Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Ачилбай Раматов коюшту.

Пикир

Оставить комментарий