• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Өзбекстандын президенти Индияга мамлекеттик сапары менен барат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 28.09.18. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Индиянын президенти Рам Натх Ковинддин чакыруусу менен 1-октябрда Индияга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн УзА маалымат агенттиги билдирди.

Президент Рам Натх Ковинд, премьер-министр Наренда Моди жана башка Индиянын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү жолдорун карап чыгуу, эл аралык жана аймактык күн тартибинин негизги маселелери боюнча пикир алмашуу пландалууда.

Нью-Дели шаарында Шавкат Мирзиёев башкы индиялык компаниялардын жетекчилери менен соода-экономикалык жана инвестициялык тармактагы эки тараптуу байланыштарды өстүрүү аспектилерин жана өзбек-индиялык жумушчу кеңешин негиздөө тууралуу сунуштарды талкуулоо үчүн жолугушат.

Сапардын алкагында өзбек делегациясы Индиянын байыркы борбору, дүйнөнүн жети кереметинин бири Таж-Махал жайгашкан Аграга барышат.

Өкмөттөр жана ведомстволор аралык макулдашуулардын сегизинчи пакетине, эки өлкөнүн мекемелери жана аймактарынын ортосундагы документтерге кол коюу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий