• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Өзбекстандын президенти иш сапары менен Түркияга барат

Дүйнө 0

Бишкек, 24.10.17. /Толонбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев 25нен 26-октябрь аралыгында Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга мамлекеттик иш сапары менен барат. Бул тууралуу өзбек Улуттук “УзА” маалыматтык агенттиги маалымдады.

Өлкө башчылары Анкарада эки тараптуу кызматташууну талкуулашат. Президенттер эл аралык көйгөйлөр боюнча да өз ара пикир алмашышат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Президенттер биргелешкен билдирүү жасашат.

Өзбекстан жана Түркиянын атайын өкүлдөрү эки тараптуу бир катар документтерге кол коюшмакчы.

Ошондой эле Өзбекстандан барган делегаттар Стамбулда болушмакчы.

Пикир

Оставить комментарий