• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстандын президенти Казакстанга келет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 08.09.17 /Толонбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен 9-10-сентябрда Казакстанга келип Илим жана технология боюнча ислам кызматташтыгы уюумунун саммитине катышат. Бул тууралуу кечээ Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги билдирди.

Өзбекстан башчысынын сапарынын программасында Астанадагы "EXPO-2017" эл аралык көргөзмөсүнүн жабылуу салтанатына катышуу жана бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүү камтылган.

Пикир

Оставить комментарий