• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстандын президенти Кыргызстан менен болгон мамлекеттик чек ара келишимин ратификациялады

Саясат 0

Бишкек, 05.10.17./Кабар/. Президент Шавкат Мирзиеев 4-октябрда Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы мамлекеттик чек ара тууралуу келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгон. Бул тууралуу vesti.uz ӨРнын президентинин басма сөз кызматына шилтеме берип жазып чыккан.

Мурда өлкөнүн төмөнкү палатасы тарабынан кабыл алынган мыйзамды Сенат – Жогорку палата жактырган.

Маалыматка ылайык, эки өлкө ортосундагы чек аранын калган бөлүгү жакынкы арада сыпатталат.

Эске сала кетсек, 2-октябрда президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгон. Документке 2017-жылдын 5-сентябрында Бишкекте кол коюлган.

Эске сала кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1378 чакырымды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий