• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстандын президенти Мирзиёев президент Жээнбековду Жаңы жыл менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы көп кылымдан берки ишеним, боордоштук жана жакшы кошуналык байланыштары биздин көп кырдуу, узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн бекем фундамент болуп кызмат кылат.

Жакында Ташкентте болуп өткөн Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун алкагында биздин ачык жана жемиштүү сүйлөшүүлөрүбүздү өзгөчө сезимдер менен эстейм.

2020-жылы боло турчу жогорку деңгээлдеги жолугушууларыбыздын натыйжасында стратегиялык өнөктөштүктөгү эки тараптуу кызматташтыгыбыз сапаты жана мазмуну жагынан жаңы деңгээлге чыгаары шексиз.

Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик кызматыңызда жаңы жетишкендиктерди, ал эми дос кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана прогресс каалайм», — деп белгиледи Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Пикир

Оставить комментарий