• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстандын, Түркмөнстандын президенттери Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттукташты

Президент 0

Бишкек, 02.05.22. /Кабар/. Өзбекстандын жана Түркмөнстандын президенттери Шавкат Мирзиёев менен Сердар Бердымухамедов Кыргызстан элин жана КР президенти Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат: "Тарыхый достук жана жалпы баалуулуктар менен тыгыз байланышкан Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуу мамилелери мындан ары да өлкөлөрүбүздүн жалпы өнүгүүсүнүн жыргалчылыгы үчүн ырааттуу өнүгө берерине ишенем. Акыркы жылдарда биздин эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги жемиштүү жолугушууларыбыздын алкагында жетишилген бардык макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашыруу биздин мамлекеттерибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө жана дос элдерибиздин келечеги үчүн дагы жигердүү кызматташууга негиз болуп кызмат кылат", — деп айтылат Шавкат Мирзиёевдин куттуктоо катында.

Өзбекстандын президенти президент Садыр Жапаровго чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде чоң ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, ар дайым прогресс жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосу: «Жогорку руханий баалуулуктардын — гуманизмдин, кайрымдуулуктун, боорукердиктин жана адеп-ахлактык тазалыктын символу болгон бул жаркын майрам бүткүл мусулман коомчулугунда өз ара урматтоону жана түшүнүүнү, ынтымакты жана тынчтыкты чыңдоого жардам берет деп терең ишенем», — деп айтылат Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосунда.

Түркмөнстандын президенти президент Садыр Жапаровго бекем ден-соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстан элине — тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий