• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 60ка толду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26-июль /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 24-июлда 60ка чыкты.

Шавкат Миромонович Мирзиёев 1957-жылы 24-июлда Өзбекстандагы Джизак областына караштуу Заамин районунда дарыгердин үй-бүлөсүндө туулган.

1981-жылы Ташкенттеги Сугат жана айыл чарбасын механикалаштыруу инженерлер институтун бүтүргөн. Техника илимдеринин кандидаты, доцент.

Шавкат Мирзиёев 2003-жылы Өзбекстан Республикасынын премьер-министри болуп шайланган. Андан кийин үч ирет, 2005-жылы 2010-жылы жана 2015-жылдары Олий Мажлис палатасы тарабынан премьерликке бекиген.

2016-жылдын 8-сентябрында мыйзам чыгаруу палатасы жана Олий Мажлис Сенатынын биргелешкен жыйынында Шавкат Мирзиёевге убактылуу Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруу жүгү жүктөлгөн.

Ошол эле жылдын 4-декабрында өткөн президенттик шайлоодо шайлоочулардын 88,61 % добушун алып, Шавкат Мирзиёев Өзбекстан Республикасынын президенти болуп шайланган. Президенттик кызматка расмий түрдө 2016-жылдын 14-декабрында киришкен.

Өзбекстандын президенти болуп турган 7 ай аралыгында масштабдуу жыйынтыктарга жетишкен. Маселен Шавкат Мирзиёев биринчи жолу жарандардын президентке түз кайрылуусуна шарт түздү. Ал үчүн виртуалдык кабылдама ачылып, бүгүнкү күнгө чейин ал жакка 1 млн дон ашык кайрылуу кабыл алынган.

Шавкат Мирзиёев үй бүлөлүү, эки кыз бир уулдун атасы.

Булагы: CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий