• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Саясат 0


Бишкек, 27.01.23./Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 26-27-январда Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады.

Иш сапардын алкагында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болду.

Андан соң өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдиришип, Кыргызстан менен Өзбекстан кыргыз-өзбек көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого бекем ниетин ырастаганын белгилешти.

Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында эки өлкөнүн кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Кол коюлган документтердин арасында: Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларация, өлкөнүн Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу ж.б жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын соңунда «Ала-Арча» Мамлекеттик жаратылыш паркында меймандарга этномаданий программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий