• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстандын президенти төкмө акын Идрис Айитбаевге унаа жана батир белек кылды

Коом 0

Бишкек, 07.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова - Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев төкмө акын Идрис Айитбаевге эки элдин ынтымагына кошкон салымы үчүн жаңы “Мalibu” үлгүсүндөгү унаа жана Өзбекстандан үй белек кылды. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат катчысы Талант Канатбек уулу өзүнүн интернет баракчасына жазып чыкты.

“Төкмө акыныбыз Идриске Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиеев эки элдин ынтымагына кошкон салымы үчүн жапжаңы "Мalibu" автоунаасы менен Өзбекстандан бир үй белек кылыптыр. Бул жаңылыкты Анжиян облусунун хокими Шухрат Абдурахмонов бүгүн чек ара постунун ачылышында айтып өттү. Идрис ажым, өткөндө Анжиянда "Янги Малибу билан юрарман" деп ырдадың эле, Аллахым өзү минтип эле берип коет. Кут болсун жорго менен жаңы конуш”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий