• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстандын президенти Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.03.21. /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Эки өлкөнүн элдери кубаныч менен белгилеп, байыркы жана түбөлүктүү баалуулуктарыбызды даңазалаган бул баа жеткис мезгил — гармония жана өз ара ынтымакты, жалпы адамзаттык кадыр-баркты чагылдырганы менен кымбат жана баалуу.

Буга байланыштуу, Сиздин биздин өлкөгө жасаган биринчи мамлекеттик иш сапарыңыз, эки өлкө ортосундагы жемиштүү диалог, ошондой эле бул жаз майрамынын алдында болуп өткөн ачык жана жигердүү сүйлөшүүлөр мага чоң таасир калтырганын өзгөчө белгилеп кетким келет.

Бул жагынан алып карасак, Нооруз эки элдин ынтымакта жана биримдикте болуп, ар кандай сыноолордо бири-бирин колдоп, бир туугандай жанаша жашап келгенин айгинелеп турат деп айтсак аша чапкандык болбос», — деп белгиленет Өзбекстандын президентинин куттуктоосунда.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго узак өмүр, ден-соолук, бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө чоң ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтыкты, бакубатчылыкты жана мындан ары гүлдөп-өсүнүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий