• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстандын президенти Жээнбековду Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады

Жеңишке 75 0

Бишкк, 09.05.20. /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Сизди жана боордош Кыргызстандын элин фашизмди жеңишинин 75 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын.

Бул күн согуш жылдарындагы катаал сыноолордо эр жүрөк жана баатыр ата-бабаларыбыздын болуп көрбөгөндөй чыдамкайлыгын, кажыбас кайраттуулугун жана чексиз эрдигин, мекенге берилгендигин даңазалаган майрам болуп саналат.

Биздин бир тууган элдерибиз фронттун алдыңкы катарындагы кандуу салгылашууларда, өтө оор жана катаал мезгилде жанаша туруп, бири-бирине жардам берип, колдоо көрсөтүп жалпы Жеңишибизге жетүүгө эбегейсиз салым кошкон.

Муну жогору баалаган муун катары аларга урмат көрсөтүү жана өзгөчө кам көрүү боюнча биздин мамлекеттерде бир топ иштер аткарылып жатат.

Достук, ынак кошуналык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген кыргыз-өзбек алакалары мындан ары да биздин аймакта гүлдөп-өнүгүүнү жана туруктуулукту камсыз кылууга жана ошондой эле азыркы күндүн чакырыктарына каршы натыйжалуу күрөшүүгө кызмат кылат деп ишенем.

Учурдан пайдаланып, Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өсүүнү каалаймын», — деп белгиленет Өзбекстандын Президентинин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий