• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстандын президентинин сапары. Милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

Коом 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январь күндөрү Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, маанилүү иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу министрлик жогорку деңгээлде коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрөт.

Учурда ички иштер органдарынын күчтөрү менен каражаттары эсептелип, милициянын посттору менен каттамдары аныкталды. Ички иштер органдары укук бузууларды эскертүүгө, кылмыштарга бөгөт коюуга жана аныктоого багытталган алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Расмий иш-чараны өткөрүү маалында коопсуздук жана коомдук тартип, жол кыймылынын коопсуздугу толук кандуу камсыздалат. Ички иштер органдарынын өздүк курамы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.

Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлө турган жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Айрым унаа жолдоруна транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий