• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстандын Шахрисабз шаары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесинен чыгарылышы мүмкүн

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.06.18. /Кабар/. Дүйнөлүк мурастар боюнча комитеттин июндун аягында өтө турган жыйынында Шахрисабз шаарын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинде калтыруу-калтырбоо чечими кабыл алынат. Бул тууралуу архитектуралык мурастарды коргоо боюнча немис адиси Йенс Йордон билдирди.

Маалыматка караганда, ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар борбору Шахрисабз шаарын аталган тизмеден чыгарууга билдирме даярдаган.

Йенс Йордандын айтымында, 2014-жылы Шахрисабздын тарыхый кварталдары бузулгандан кийин ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар борбору бул жоготуунун ордун толтуруу боюнча өзбек тараптан сунуш күткөн.

«Бирок биз күткөндөй сунуштар болгон жок. Алсак, алар балдардын ойноо аянттарын жылдыруу же көчө чырактарынын санын азайтуу сыяктуу сунуштарды айтышты», — деди ал.

Өзбекстандын Кашкардарья облусунда жайгашкан Шахрисабз шаары Дүйнөлүк мурастар тизмесине 2000-жылы Темучиндин урпактары тарабынан негизделген шаардын үлгүсү катары киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий