• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстандын ТИМ башчысы дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Акыркы он күндөн бери Ташкенттеги Борбордук клиникалык ооруканада дарыланып жаткан Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов дарылануусун улантуу үчүн чет өлкөгө чыгып кетти. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

"Жакшылап медициналык текшерүүдөн өткөрүү зарылдыгына байланыштуу дарыгерлердин сунушу менен Абулазиз Камилов учурда чет өлкөдө дарыланып жатат", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

ТИМдин расмий билдирүүсүндө министр кайсы ооруканада экени айтылган эмес.

Пикир

Оставить комментарий