• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы иштен кетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Өзбекстадын Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) төрагасы Ихтиёр Абдуллаев кызматтан кетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Gazeta.uz басылмасынын билдиришинче, Абдуллаев кызматтан ден соолугуна байланыштуу кетти. Акыркы жылдары ал омуртка тутумунун бел жана моюн бөлүгүнө эки жолу, ошондой эле көзүнө бир жолу операция жасаткан.

Ихтиёр Абдуллаев бул кызматка былтыр 31-январда, Улуттук коопсуздук кызматын 23 жыл башкарган Рустам Иноятовдун ордуна келген. Ага чейин Абдуллаев өлкөнүн башкы прокурору, президенттин мамлекеттик кеңешчиси кызматтарында иштеп келген.

Маалыматтарга караганда, УККнын жаңы башчысы болуп өлкөнүн мурдагы коргоо министри, генерал-лейтенант Абдусалов Азизов дайындалды.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын маалыматына караганда, коопсуздук кызматтын жаңы төрагасы президент Шавкат Мирзиёевдин жакын адамдарынын бири болуп эсептелет. Алардын достугу Мирзиёев Жизак облусунун төрагасы, Азизов жергиликтүү ички иштер башкармалыгын жетектеп турганда башталган.Мирзиёев бийликке келгенден кийин облустук милициянын мурдагы башчысы алгач ички иштер министри кызматына, андан кийин Коргоо министрлигинин башчылыгына дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий