• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзбекстандын Улуттук телерадиоберүү компаниясында өрт чыккан

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн түнүндө Өзбекстандын Улуттук телерадиоберүү компаниясында (УТРК) өрт чыккан. Бул тууралуу шаардык өрт коопсуздук башкармалыгынан билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 21-август күнү саат 01:54тө (Ташкент убактысы) өрт тууралуу маалымат келип түшкөн. УТРКнын аймагында, ашкана жана башка бөлмөлөр (400 чарчы метр) күйгөн.

Окуя жерине өрт өчүрүүчүлөр саат 02:00дө барган. Саат 02:45те өрт чектөөгө алынып, 03:36да өчүрүлгөн.

Каза болгондор же жабыркагандар катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий