• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстандын жаңы шайлоо тажрыйбасын үйрөнүүгө болот – К.Таабалдиев

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.12. 19. /Кабар/. Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасына жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосуна эл аралык байкоочу катары келген "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев Бухарада болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги жазат.

К.Таабалдиев журналисттерге Өзбекстандан калган таасирлер, Бухарада өтүп жаткан шайлоо процесси тууралуу айтып берди. Ал Өзбекстанда "Жаңы Өзбекстан – жаңы шайлоо" урааны астында өтүп жаткан шайлоо чоң мааниге ээ экендигин белгилеген.

Ал бул саясий иш-чаранын жаңы Шайлоо кодексинин негизинде өткөрүлүп жатышы шайлоодогу маанилүү аспекттердин бири экенин айткан.

"Анда өлкөнү демократиялаштыруу боюнча жаңы идеяларды алып чыккан саясий партияларга кеңири мүмкүнчүлүктөр берилген. Шайлоого катышып жаткан партиялар, шайлоого таза атаандаштык шарттарында катышууга мүмкүнчүлүк алууда. Кодексте, саясий иш-чараны теңдик, ачык-айкындуулук принциптеринин негизинде өткөрүүгө шарт түзгөн жаңы эрежелер каралган", - деди ал.

"Кабар" агенттигинин директорунун айтымында, мындан улам шайлоо дүйнөдө кызыгууну жаратууда.

"Мен Өзбекстандагы демократиялык өзгөрүштөрдү байкап жатам. Арийне, анын арышы артат. Жаңы Шайлоо кодекси эл аралык шайлоо мыйзамдарынын нормаларына жана принциптерине туура келет", - деди Таабалдиев.

Ал белгилегендей, шайлоого даярдыктар кодекстин талаптарына ылайык өткөрүлгөн.

Таабалдиевдин айтымында, шайлоодо эң башкысы – ачык-айкындуулук. Ал принцип аткарылууда.

"Жакында эле Улуу Британиянын абройлуу журналдарынын бири Өзбекстанды Жылдын өлкөсү атады. Ал нерсе, сиздердин өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий, социалдык реформалардын жыйынтыгын таануу болду", - деди ал.

Таабалдиев белгилегендей, Өзбекстан баардык багыттарда өнүгө бермекчи.

"Себеби, сиздердин өлкөдө ишкерчиликке чоң маани берилип, маанилүү долбоорлорго өз каражаттарын салган чет элдик инвесторлорго мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий