• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстандын жараны болгон 25 этникалык кыргыз КРнын ЖОЖдоруна кабыл алуу үчүн сунушталды

Билим 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. 2021-2022-окуу жылында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында Өзбекстандын 37 миңден ашуун жараны билим алган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Алардын ичинен студенттердин эң көп саны Ош мамлекеттик университетинде - 12 миң 280 студент, М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде - 10 миң 136 студент, Кыргыз-Өзбек университетинде - 6 миң 229 студент, Баткен мамлекеттик университетинде - 3 миң 326 студент ж.б.

Кыргызстандын президентинин 2003-жылдын 25-мартындагы №102 “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын алкагында Өзбекстандын аймагында жашаган этностук кыргыздар үчүн жыл сайын Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан бюджеттик орундар бөлүнөт.

Алсак, 2022-2023-окуу жылына карата кирүү сынактарынын жыйынтыгы боюнча Өзбекстандын жараны болгон 25 этникалык кыргыз Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу үчүн сунушталган.

Пикир

Оставить комментарий