• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстандын жараны Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалды

Коом 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Өзбекстандын жараны Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, бүгүн 9-декабрь күнү "Манас-аэропорт" көзөмөл өткөрмө жайында Өзбекстандын жараны КР жасалма паспорту – 2004-жылкы үлгүдөгү идентификациялык карта (ID-карта) менен кармалган. Ал жаран "Новосибирск – Бишкек" багыты боюнча Кыргызстанга учуп келген.

"Паспорт көзөмөлүн өтүп жатып 22 жаштагы Т.Н. аттуу Өзбекстандын жараны чек арачыларга 22 жаштагы Х.А. аттуу кыргыз жаранына таандык паспорт – ID-картаны көрсөткөн. Документ чек арачыларда шек туудуруп, атайын текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында документ жасалма экени аныкталган", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Кармалган жаранда Өзбекстандын айдоочулук күбөлүгү болгон.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, ал, Кыргызстанга кирүү үчүн жасалма паспорт – ID-картаны колдонгонун моюнуна алган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий