• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстандын Жаштар союзу кадыр-баркын көтөрүү үчүн троллинг менен алектенген

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Өзбекстан жаштар союзунун мүчөлөрү Фейсбук социалдык түйүнүндө жалган аккаунттарды ачып, троллинг менен алектенишкен. Маалыматка караганда, жетекчиликтин буйругу менен алардын ар бири уюмга карата терс пикир жазгандарга каршы чабуул жасоо үчүн Фейсбукта 4-5тен жалган аккаунттарды ачышкан.

Хорезм облусунун Шахзод Сабиров аттуу жашоочусунун айтымында, социалдык түйүндө жалган аккаунттарды ачуу тапшырмасы быйыл 28-30-май күндөрү Ташкентте өткөн семинар маалында берилген. «Алгачкы жолу «троллдор» терминин ошол семинарда уккам. Жаштар союзунун борбордук кеңешинин кызматкери Гүлчехра Ашурова андагы катышуучулардын ар биринде Фейсбукта 4-5тен профили болушу керектигин жана алар аркылуу уюмдун кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган билдирүүлөрдү жазып турушубуз керектигин айткан», – деди ал.

23 жаштагы Шахзод Сабиров «Ёшлар» студиясынын жана «Менин журтум» телеканалынын Хорезм облусундагы кабарчысы. Мындан тышкары ал YouTube порталындагы видеоблоктору менен белгилүү.

Быйыл май айында Жаштар союзу тарабынан уюштурулган семинарга өлкөнүн ар кайсы облустарынан келген 150 кыз-жигит катышкан. Троллинг тууралуу маалыматты семинардын башка катышуучулары дагы ырасташты. Алардын биринин айтымында, семинар маалында Гүлчехра Ашурова бардык катышуучуларды бештен аккаунт ачууга жана алар аркылуу ага достук жөнөтүүгө милдеттендирген.

Мындан тышкары жалган аккаунттардын ээлерин бириктирүү үчүн Телеграмда атайын жабык топ түзүлгөн. «Эгер кимдир бирөө Фейсбукка билдирүү жазган болсо, анын шилтемеси Телеграм топко ыргытылчу. Андан соң ар кимиси Фейсбуктагы жалган аккаунттар аркылуу кирип, ал билдирүүгө жактыруу белгисин коюп же бөлүшүп турушкан. Ошондой эле Жаштар союзунун ишмердүүлүгүн мактап, жакшы пикирлерди дагы жазып жүрүшкөн», – деди ал.

Жаштар союзунун борбордук кеңешинин кызматкери Гүлчехра Ашурова жаштардан турган троллдор тобун түзгөнүн четке какты. «Үч күндүк семинардын жүрүшүндө ар кандай темалар болгон. Анын ичинде социалдык түйүндөрдө аккаунттарды ачуу маселеси темалардын бири катары каралган. Бирок анда жалган аккаунттар тууралуу сөз болгон эмес», — деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий