• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары кармалганы кабарланууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.02.19 /Кабар/. 21-февралда Ташкентте Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Баходыр Дехканов кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү daryo.uz жана uzmetronom.com интернет-басылмалары өз булактарына таянып жазып чыгышты.

Gazeta.uz сайтынын маалыматына караганда, Баходыр Дехканов 21-февралда күндүн экинчи жарымында өзүнүн иш бөлмөсүндө кармалган.

18-февралда Centre1.com порталы Баходыр Дехканов 15-февралда кызматынан алынганын билдирген.

2017-жылы майда Баходыр Дехканов Олий Мажлистин токтому менен Жогорку соттун төрага орун басары кызматына беш жылдык мөөнөткө дайындалган.

Өз билдирүүсүндө uzmetronom.com сайты Баходыр Дехканов «Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Ихтиёр Абдуллаевдин кудасы экенин» жазды.

Өткөн жумада Абдуллаевге каршы кылмыш иши козголуп, ага карата бир айга камакка алуу бөгөт чарасы белгиленгенин кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий