• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстанга 100гө чукул ооган студенти окууга келди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.01.18 /Кабар/. Өзбек бийлиги Термез шаарындагы эл аралык аэропортто 100дөй ооган студентин тосуп алды.

Жергиликтүү ММКлар кабарлагандай, алар президент Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен түзүлгөн Жогорку жана орто кесиптик билим берүү министрлигинин алдындагы Ооган жарандарын окутуу борборуна жөнөтүлөт. Ооганстандан келген студенттер эки жыл бою өзбек тили жана адабияты боюнча педогогикалык билим алышат.

Бакалавриаттын күндүзгү бөлүмүндө 98 студент – 86 улан жана 11 кыз окуйт. Окуу чыгымдарынын жарымын ооган бийлиги, жарымын “Өзбекстан темир жолдору” ишканасы көтөрөт.

Өзбек өкмөтү Жогорку жана орто кесиптик билим берүү министрлигинин алдындагы Ооган жарандарын окутуу борборун түзүү боюнча токтомго 2017-жылы ноябрда кол койгон.

Буга чейин ооган жаштары үчүн медициналык кызмат көрсөтүү, ашкана, кир жуучу жай, чакан дүкөндөр жана инженердик коммуникациялары бар студенттик шаарча түзүлөрү кабарланган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий