• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанга 2004-жылдан бери алгачкы жолу AI уюмунун делегациясы барат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюмунун делегациясы 2004-жылдан бери алгачкы жолу 22-25-май күндөрү Өзбекстанга барып, өлкөнүн расмий адамдары менен жолугушууларды өткөрөт.

Өзбекстандын Тышкы иштер жана Юстиция министрликтери уюмдун делегациясын кабыл алууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жергиликтүү ММКлардын кабарлашынча, делегация курамында Amnesty International уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Стразерс менен анын орун басары Денис Кривошеев болот.

Мари Стразерс Өзбекстан бийлигинин акыркы бир жарым жыл ичиндеги позитивдүү кадамдарын, анын ичинде кыйноолоду токтотуу боюнча аракеттерин белгиледи.

Делегациянын сапары маалында Amnesty International өзбек бийлигине бир нече сунуш берет деп күтүлүүдө. Алардын ичинде саясий негизде козголгон кылмыш иштерин токтотуу жана алар боюнча жоопкерчиликке тартылган адамдардын макамын калыбына келтирүү, ошондой эле мурдагы жылдары адам укуктарына каршы жасалган кылмыштарды иликтөө сунуштары бар.

Акыркы жолу Amnesty International уюмунун расмий өкүлдөрү Өзбекстанга 2004-жылы барышкан. Анда AI Ташкентте «Апалар өлүм жазасына жана кыйноолорго каршы» деген жергиликтүү укук коргоо уюму менен биргеликте эл аралык конференция өткөргөн.

Былтыр июлда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Ташкент эл аралык укук коргоо уюмдарын кабыл алууга даяр экендигин билдирген. Өткөн жылы сентябрда Өзбекстан борборуна Human Rights Watch уюмунун делегациясы барып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий