• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстанга 24 миң даана лампочканы мыйзамсыз алып бара жаткан кыргызстандыктар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. Айдаркен чек ара бөлүмүнүн чек арачылары аткезчилик жол менен 24 миң даана лампочканы ташып бара жаткан кыргызстандыктарды кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы М.А., жана 29 жаштагы Д.И., аттуу кыргызстандык жарандар Hyundai Porter унаасы менен көзөмөл өткөрмө жайынан тышкары 24 миң даана лампочканы Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылып, кармалышкан.

Кармалгандарда алып бара жаткан жүгүнүн тиешелүү документтери болгон эмес.

Ал жүктүн жалпы наркы 240 миң сомду түзгөн.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар менен алардын жүгү Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий