• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өзбекстанга анжияндык карыя качкын кайтып келди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.10.17 /Кабар/. 2005-жылкы Анжияндагы кандуу окуялардан кийин өлкөдөн чыгып кеткен 76 жаштагы Нажмиддин Умаров өткөн апта башында мекенине кайтып келди.

Өзбекстанда анын дароо кармалганы, төрт күн бою Анжиян облустук милиция бөлүмүндө суракка алынганы кабарланууда. Бирок Умаровдун туугандары ал аэпропортто кармалып, үч сааттык сурактан кийин кое берилгенин билдиришүүдө.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын маалыматына караганда, акыркы бир нече жылдан бери АКШда жашап жүргөн Умаров Өзбекстанга келгенден кийин облустук милиция бөлүмүнө жеткирилип, анда төрт саат кармалган. Бирок анжияндык укук коргоочу Саиджахон Зайнобиддинов карыя милиция бөлүмүндө кармалбаганын билдирүүдө.

"Мен анын үйүнө барып келген адам менен сүйлөштүм. Ал Умаровдун аэропортто үч саат кармалып турганын айтты. Балким андан кийин милиция бөлүмүнө жеткирилгендир. Бирок азыр ал өз үйүндө экен", – деди укук коргоочу.

Анжиян окуяларынан кийин өлкөдөн чыгып, учурда Австралияда жашап жаткан дагы бир өзбек бозгуну Бахтияр Турдиев кандуу окуяларга чейин коңшу жашаган карыянын үйүнө кайтып келгенине кубанып жатканын билдирди. Бирок ал азырынча Анжияндан качкан башка өзбекстандыктардын мекенине кайтып келүүсүнө эрте деп эсептейт:

"Бул Өзбекстандагы өзгөрүүлөрдүн башталышы гана. Өлкөдөгү абалды толук жакшыртуу үчүн дагы беш же он жыл талап кылынат деген ойдомун. Азыр өлкөдөгү режим өзгөрө элек. Биринчи кезекте адамдар, мыйзамдар өзгөрүшү керек. Балким биз да качандыр бир кезде Өзбекстанга кайтып барарбыз, бирок азыр эмес", – деди Бахтияр Турдиев.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий