• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанга машинасын караңгылатып барган кыргыз айдоочулары 15 доллар акы төлөйт

Коом 0

Бишкек, 11.01.19 /Кабар/. Өзбекстанга убактылуу же транзит менен барган чет элдик жарандар жеңил автоунааларынын терезелерин караңгылаткан үчүң 15 доллар өлчөмүндө акы төлөйт.

Өзбекстан атайын токтом кабыл алып, бул норма Кыргызстандын автоунаа ээлерине да тиешелүү экендигин КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Төлөмдөрдүн баары өзбек суму менен республиканын Улуттук банкы койгон курс боюнча төлөнөт.

Эске салсак, 2016-жылдан тартып Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы алака жакшырып, чек арадан өтүү жеңилдеп, элдин эки тарапка каттоосу жанданган.

Пикир

Оставить комментарий