• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанга тыйын чычкан алып өтүүгө аракет кылган киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. 27-мартта Кыргызстандан Өзбекстанга тыйын чычкандарды алып өтүүгө аракет кылган киши кармалды. Бул тууралуу УКМКга караштуу Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеме маалымдагандай, "Достук-автодорожный" көзөмөл-өткөрмө бекетинде 13 тыйын чычканды алып өтүп бараткан 44 жаштагы өзбек жараны кармалды.

"Тыйын чычкандардын торун үч баштыкка салып, үстүн кийимдери менен жаап койгон. Өзбек жаранында кемирүүчү жандыктарды алып өтүүгө уруксат берген документи болгон эмес", - деп айтылат билдирүүдө.

Атайын текшерүү иштеринен кийин тыйын чычкандарды чек арачылар тийиштүү мекемеге өткөрүп берген.

Пикир

Оставить комментарий