• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзбектан, Казакстан жана Россиядан келген ундардын сапатына экспертиза жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментантинин дан өсүмдүктөрүн экспертизалоо лабораториясынын кызматкерлери ун чыгаруучу комбинаттардагы мамлекеттик резервте турган аштык буудай данынын сапаттык жана сандык сакталышын текшерип, дандын сапатына экспертиза өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ун чыгаруучу комбинаттарда: Чүй облусунда «Кант-Дан-Азык» , «Дан» мамлекеттик ишканасы, Ысык-Көл облусундагы «Алтын-Дан» , Ош облусундагы «Кара-Суу-Дан-Азык» жана Жалал-Абад облусундагы «Азрет-Айыб» ачык акционердик коомдорунда сакталып турган жергиликтүү жана импорттук буудай данынын жана андан алынган ун азыктарынын сапатына текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүү мезгилинде аштык буудай данынын сапаттарын аныктоо максатында үлгүлөр алынды жана дандын санын аныктоодо өлчөөчү лента аркылуу жүргүзүлдү. Данды сактоо мезгилинде бекитилген сактоо боюнча стандаттык эрежеге ылайык, анын абалын, жытын, температурасын, шамалдатуусун, зыянкечтерден сакталуусун, нымдуулугун жана башка сапаттык касиеттерин талдап чыкты. Лабораториялык сыноо аркылуу дандын курамындагы белогун, крахмалын аныкталды, мындан сырткары, сакталып турган ундун жогорку, биринчи жана экинчи сортторуна сапаттык баа берилди.

Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан алынып келинген буудай данынын сапатына баа берилип, талдоолор жүргүзүлдү. Жергиликтүү буудайларга да экспертиза жүргүзүлдү. Экспертизанын жыйынтыгында сактоодо турган буудайлар 3-класстагы же болбосо илешкектүүлүгү 23% тен кем эместиги жана нан болумдуу касиетине ээ экендиги аныкталды.

Лабораториянын адистери дандын сапаты мамлекеттик резервтин кондициясына туура келерин аныкташты. Дандын жана ундун сакталышына канаатандырарлык деген баа берилди, жагымсыз жыт жана зыянкечтери жок экени аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий