• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өздөрү жашап көрүшсүнчү. Премьер Марипов Араван районунун акимине сөгүш жарыялады

Өкмөт 0

Бишкек, 13.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Ош облусуна иш сапарынын жүрүшүндө Араван районунун жашоочуларынын көйгөйлөрү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы азыктарга болгон баалар жана сунушталган ассортименти менен таанышуу үчүн борбордук базардын жанына токтоду.

«Азык-түлүккө жана мунайга болгон баанын көтөрүлүшү – жалпы дүйнөлүк тенденция. Дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө баалар өсүүдө, анын ичинде биздин республика да бар. Импортко көз каранды болбош үчүн эң көп талап кылынган тамак-аш азыктарын, атап айтканда, өсүмдүк майын жана кумшекерди өзүбүз өндүрүшүбүз керек. Биздин максатыбыз - дыйкандар келечекте өз продукциясы менен ички рынокту толтурушу үчүн аларга колдон келишинче колдоо көрсөтүү. Дыйкандарга бардык зарыл шарттарды түзүп берүүнү каалайбыз. Дизелдик отун маселеси чечилди, дыйкандарга керектүү көлөмдө берилет. Мындан тышкары карбамид өндүрүүчү завод куруу планыбыз бар», - деди өкмөт башчы.

Андан соң жергиликтүү жашоочулардын бири аларды түйшөлткөн маселелер, анын ичинде турак үйлөрдүн арасында топтолуп калган таштандылар тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түшкөн даттанууларга көңүл бурбай жатышат.

Улукбек Марипов маселенин бар экендигине жеке өзү ынанып, райондун акимине анын аракетсиздиги үчүн сөгүш берди.

«Турак үйлөрдүн арасында башаламан таштанды таштоого жол берүүгө болобу. Мында адамдар жашап, балдар ойношот, улгайган адамдар сейилдеп чыгып, таштандынын жагымсыз жыты менен дем алышат. Райондун акими жана башка жооптуу жетекчилер аракет көрүп баштоо үчүн бул үйлөрдө өздөрү жашап көрүшсүнчү. Таштандыны чыгаруу – бул бир күндүк иш, анан эмне үчүн бул маселе бир жылдан ашык чечилбей келет», - деп нааразы болгон премьер-министр бир күндүк мөөнөттө аймакты таштандыдан тазалоону тапшырды.

Буга чейин премьер-министр чыныгы кырдаал менен жеринде таанышуу максатында ар кыл объекттерге эскертүүсүз барарын убада кылган.

Пикир

Оставить комментарий