• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Зеленский: Кабинетиңерге менин эмес, балдарыңардын сүрөтүн илгиле. Президент – икона эмес

Дүйнө 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Украинада Владимир Зеленскийдин бүгүн ант берип, президенттик кызматка киришти. Ант берүү аземи украин парламентинде өттү.

Зеленский кызматына киришип жатып, алдыдагы 5 жылда өлкөнүн максаты тууралуу сөз кылып, дүйнөнүн башка жерлеринде жашаган украиналыктарды өз мекенине жардам берүүгө чакырды.

"Урматтуу украиналыктар, буга чейин мен элди күлдүрүш үчүн бардык аракеттерди кылчумун, эми алдыдагы беш жылда элим ыйлабаш үчүн бардык аракеттерди кылам", - деди Зеленский.

Ошондой эле ал өзүнүн портретин кабинеттерде көрүшүн каалабай турганын кошумчалады.

"Мен портретимдин сиздердин кабинеттериңерде илинип турушун каалабайм. Президент – икона эмес. Менин сүрөтүмдүн ордуна балдарыңыздардын сүрөтүн илип алып, ар бир чечим кабыл алаарда балдарыңардын көзүн карагыла", деп кошумчалады Зеленский.

Рададагы сөзүндө Зеленский Украина парламентинин азыркы курамын тарката турганын билдирди.

41 жаштагы актер жана куудул Зеленский 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда Украинаны соңку беш жылдан бери башкарып келген Петр Порошенкону жеңип чыккан. Ал жалпы добуштардын 73,22 пайызын, атаандашы 24,45 пайызын алган.

Пикир

Оставить комментарий