• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын пробалоо жана эн тамгалоо тартиби жөнүндө Жобо бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 02.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын пробалоо жана эн тамгалоо тартиби жөнүндө Жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бул чечим баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү максатында кабыл алынды. Мындан улам «Баалуу металлдар жана баалуу таштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4 жана 11-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын пробалоо жана эн тамгалоо тартиби жөнүндө жобону;

- Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобону;

- Өзгөчө янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга таандык кылуунун тартибин бекитти.

Белгилей кетсек, баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын пробалоо жана эн тамгалоо тартиби жөнүндө Жобо баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдары үчүн пробалардын түрлөрүн, пробалардын маанисинин минималдык өлчөмдөрүн жана Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын пробалоо жана эн тамгалоо тартибин белгилейт.

Өз кезегинде пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдардан зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарды даярдоочу юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге менчигинин түрүнө, аларга карата каттоо жана отчеттуулук талаптарына, ошондой эле баалуу металлдар жана баалуу таштар менен операцияларды ишке ашыруу тартибине карабастан негизги талаптарды аныктайт.

Өзгөчө янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга таандык кылуунун тартиби өзгөчө янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга таандык кылууну аныктайт.

Пикир

Оставить комментарий