• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзгөчө абал алынган аймактарда карантин киргизилет – Боронов

Коом 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Өзгөчө абал алынган аймактарда карантин киргизилет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал эртең, өлкөнүн айрым аймактарында мурда киргизилген өзгөчө абал тартиби алынып жатканын, бирок өлкө аймагында өзгөчө кырдаал сакталып каларын билдирди.

"Белгилүү болгондой өзгөчө абал киргизилгенге чейин республиканын аймагында өзгөчө кырдаал киргизилген. Өзгөчө абал токтогонуна байланыштуу республиканын аймагындагы коронавируска каршы иштердин бардыгы өзгөчө кырдаал тартибине ылайык жүргүзүлөт", - деди ал.

Боронов бир аймактан бир аймакка өтүү мурункудай эле көзөмөлдө болорун, көзөмөл күчөтүлөрүн билдирди.

Анын айтымында, коронавирустун жайылып кетишин токтотуу максатында дагы деле коркунучтуу делген аймактарда карантин киргизилүүдө.

"11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилет. Карантин киргизилген жерлерде санитардык-карантиндик посттор коюлат. Посттордон өтүү эрежелери болот. Бишкек шаарын алып айта турган болсок, мэрияда түзүлгөн штабдын чечими менен Чүй облусунда жашап Бишкекте иштеген жарандар жумушунан маалымкат алып, салык инспекциясынын райондук өкүлүнө барып мөөр бастырып алышы керек. Ал маалымкат менен посттордон өтүүгө тоскоолдук болбойт", - деди ал.

Ал жарандарды дарыгерлердин кеңештерин, санитардык эрежелерди аткарууга, адамдар ортосундагы аралыкты сактоого чакырып өттү.

Пикир

Оставить комментарий