• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөчө абал. Бишкек шаарынын комендатурасына берилген суроолордун жооптору

Коом 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын комендатурасы жарандар тарабынан аларга көп берилген суроолорго жооп даярдаган.

1. Өткөрмө кагаздары боюнча:

Бүгүнкү күндөн баштап өткөрмөлөрдү кагаз түрүндө берүү токтотулат.

Бишкек шаарынын комендатурасы өткөрмө уруксат кагаздарын берүү боюнча 1312.tunduk.kg электрондук системасын ишке киргизди. Биринчи этапта уруксат кагаздары Саламаттыкты сактоо министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, укук коргоо органдарына, Башкы штабка жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтарына берилет.

Андан кийин, медициналык жардамга муктаж жарандарга (алар медициналык күбөлүктү же медициналык процедураларга муктаждыгын тастыктаган документти тиркеши керек), Бишкек шаардык мэриясына, тез чара көрүү топтору, жеке күзөт ишканаларына жана башка авариялык кызматтарга берилет.

2. Жарандардын шаардын ичинде жүрүүсү боюнча:

Жарандар сыртка зарыл болгон үч себеп менен гана чыга алышат – дарыканага, дүкөнгө жана ооруканага. Сыртка чыкканда алардын жанында паспорт жана маршруттук баракча болушу керек.

3. Жумушка чейин кантип жетебиз?

Жаныңызда паспорт жана маршруттук баракча болуш керек. Ал эми иштеген жериңиз үйүңүздөн 1,5 чакырымдан алыс аралыкта болсо, тиешелүү өткөрмө уруксат кагазын алуу керек.

4. Банк тууралуу суроолор: эгерде банкомат шаарда жайгашкан болсо, пенсияны кантип алууга болот (шаар сыртында жашагандар үчүн)?

Чүй облусунун аймагында банкоматтар бар, өзгөчө кырдаал киргизилген аймакка кирүү үчүн, сизде өткөрмө уруксат кагазы болушу керек.

5. Азык-түлүктөр, дары-дармектер түгөнүп калды, батирдин акысын төлөөгө акча жок. Материалдык жардам алуу үчүн кайсы жакка кайрылсак болот?

Бишкек шаарынын коменданты Бишкек шаардык мэриясына оор кырдаалга кабылган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө буйрук чыгарды. Мындай жарандардын тизмеси мэрия тарабынан аныкталат. Учурда өзгөчө кырдаалда каржылык жардамга муктаж болгон 15 миң жарандын тизмеси түзүлдү.

6. Онкологиялык оорусу барлар дарылануу үчүн шаарга кантип өтө алышат?

Шаарга тоскоолдуксуз өтүү үчүн медициналык документтер, маалымкаттар, жолдомо кагаздары, паспорт жана маршруттук баракча болушу зарыл.

7. Адамды жерге берүү жана акыркы сапарга узатуу зыйнаттына кантип катышса болот?

Унаага жана акыркы сапарга узатууну уюштурган бир нече адамга өткөрмө кагазын алуу керек.

8. Ооруканадан чыгарылган пациенттерди кантип алып кетсе, лабораторияга кантип барса болот? Эмне себептен 103 кызматы кээ бир учурларда келбей жатат?

Алардын жанында медициналык документтери, маалымкаты жана жолдомо кагазы, паспорту жана маршруттук баракчасы болгон учурда тоскоолдук болбойт. Тез жардам кызматы күнү-түнү иштейт. Көп чалуулар болгондо кечигүүлөр болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий