• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөчө абал: Ички иштер министринин орун басары Жалал-Абад облусундагы посттордон кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад облусунун өзгөчө абал киргизилген аймактардагы посттордон кабар алды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунунун комендатурасынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, ал облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов менен биргеликте Сузак районундагы өзгөчө абал киргизилген айылдарга жугуштуу илдет тарап кетпешин алдын алууга байланыштуу коюлган атайын блокпосттордо кызмат өтөгөн тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен жолугуп, ал жерде жаралган жагдайлар, элдин арыздары жана сунуштары менен таанышып чыкты.

Министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков посттордо пайда болгон көйгөйлүү маселелер жана аныкталган кемчиликтерди жеринде чечип, ошондой эле кызматкерлердин өз деңгээлинде кызмат өтөөсү үчүн жеңилдиктерди карап, шарттарды түзүп берүүгө жетише алды.

Ошону менен катар кызматкерлерди берилген тапшырманы так аткарып, эл арасында жаралган маселени түшүнүү менен кабыл алып, алгач ден соолугуна байланыштуу ооруканага бара жаткан жарандарды, азык-түлүк менен камсыздап жаткан жүк ташуучу унааларды өткөрүп, ал эми медицина кызматкерлерине сырттан келген атуулдарды текшерүү менен катар тиешелүү дезинфекция иштерин жүргүзүү керектигин жана мыйзамдуулук менен иш алып барып, элдерге сылык мамиледе кырдаалды туура түшүндүрүү зарылдыгын белгилеп, өздөрүн дагы жугуштуу оорунун алдын алууга чакырды.

“Ички иштер органдарынын шартка байланыштуу коомдук тартипти сактоо максатындагы мыйзамдуу талаптарын туура түшүнүү менен кабыл алып, аны аткаруу керек, коомдук тартипти сактоо иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жаткандыктан жоопкерчиликтүү мамиле кылалы, коомдук тартипти бузууга жол бербейли. Биз үчүн эң маанилүү байлыгыбыз болгон – ар бир жараныбыздын ден соолугу жана өмүрү кымбат, ошол себептүү ар бир кызматкер өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун суранамын жана талап кыламын”, - деп кайрылды Сүйүн Өмүрзаков.

Пикир

Оставить комментарий