• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөчө абал киргизилген аймакка жергиликтүү каттоосу бар гана жарандар кире алат - штаб

Коом 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Өзгөчө абал киргизилген аймакка жергиликтүү каттоосу бар гана жарандар кире алат, ал эми каттоосу жок жарандарга кирүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ошондой эле өзгөчө абал режиминде ишкерликтин уруксат берилген түрлөрүнүн тизмеси бар. Бул тизмедеги жумушчулардын кыймылы саат 07.00 дөн 20.00 гө чейин иштеген жеринен ишкананын жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалым каттын негизинде, алдын ала аныкталган багыт жана ишкана тарабынан уюштурулган унаа менен жүрүү эске алынып гана ишке жүргүзүлөт. Өтүнмө аймактын комендатурасынын кароосуна компаниянын жетекчисинин колу жана мөөрү менен жөнөтүлөт. Аймактын комендатурасы көчүрмөсүн унаа каражаттар жүрүүчү тиешелүү райондун блок-постторуна беришет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Cузак району - 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий