• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда коомдук унаа жана таксилердин иши токтойбу?

Коом 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Бүгүн, өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзгөчө абал киргизилген аймактарда коомдук унаа менен таксилердин иши кандай болорун айтып берди.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилүүдө.

"Өзгөчө абал режими киргизилген аймактарда коомдук унаалар жана таксилер толугу менен токтотулат. Ал эми транзиттик жүктөр боюнча шаар ичин аралап өтчү бардык ички жолдор жабылат. Жүк ташуучу унааларга айланып өтчү жолдор аркылуу гана жүрүүгө уруксат берилет", - деди ал.

Эскерте кетсек, акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий