• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 24 сааттык чектөө киргизилеби? – Бороновдун жообу

Коом 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Азырынча өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 24 сааттык чектөө киргизилбейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Маалымат жыйында Бороновго өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 24 сааттык чектөө киргизилсе, коронавирустун алдын алуу иштери натыйжалуу болот деген сунуштар айтылып жатат, буга зарылдык барбы деген суроо узатылды.

Анын айтымында, жарандар зарыл болбогон учурда да көчөгө чыгып, сейилдеп жүрүшөт. Бирок азырынча андай чектөөлөр болбойт.

"Бул эпидемиологиялык өзгөчө кырдаал болуп жатат. Биз жарандарды түнүндө эшикке чыкпагыла деп, коменданттык саатты киргизип, бирок күндүзү сыртка чыгууга уруксат берип койгондон анын натыйжасы болбойт. Күндүзү дагы баарын, жашоону токтотуп койгонго болбойт. Мүмкүнчүлүк жок. Азыр күндүзгү маал чектөө киргизбей турабыз", - деди ал.

Аны менен бирге ал жарандардын сыртка себепсиз чыгуусун азайтуу үчүн кайгуул жүргүзүү күчөтүлүп жатканын айтып өттү.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыкты.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий